
Финансы министрлиги Монголияда өтө турчу Азия чемпионатына кыргызстандык балбандардын катышуусу үчүн каражат бөлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, 21-25-апрель күндөрү Улан-Батор шаарында Азия чемпионаты өтөт. Ага грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Кыргызстандан 23 балбан катышат.
«Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгына 2022-жылдын апрель айына 99,6 миллион сом каралган.
2022-жылдын 14-апрелине карата 19, миллион сом каржыланган. Мында, Дене тарбия жана спорт департаментинин иш-чараларын кошкондо, мамлекеттик органдардын чыгымдарын каржылоонун белгиленген тартиби бар экендигин белгилейбиз, ага ылайык негизги жана кошумча каржылоо жүргүзүлөт»,-деп жазылат маалыматта.