Быйыл мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн 9 миллиард сомдон ашык каражат каралган

2023-жылга мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана чондор үчүн 9 миллиард сомдон ашык каражат каралган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жыл сайын өтүүчү жөө жүрүшүн ачып жатып билдирди.

«Бүгүнкү күндө өлкөдө 200 миң мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт, анын 36 миңи балдар. Президент С.Н.Жапаров элдин турмушун жакшыртууга, тейлөөнүн сапатына көңүл бурууда. 2021-2022-жылдары жөлөкпулдун өлчөмү, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды караган ата-энелердин жеке жардамчыларына төлөм эки эсеге көбөйтүлдү.

Бул иш-чаралардын натыйжасында үстүбүздөгү жылдын бюджетине рекорддук 9,2 миллиард сом бөлүндү. Бул каражаттар протездик буюмдарды, жабык коляскаларды жасоого, ден соолукту чыңдоо үчүн жолдомолор менен камсыздоого багытталган жөлөк пулдар жана компенсациялар түрүндө төлөнүп берилет. Алар мекеме тарабынан бекер берилет», — деди министр.

Кудайберген Базарбаев майыптардын жөө жүрүшүнүн катышуучулары менен алгачкы этаптан өттү.

“Теңдик” коомдук фонду тарабынан уюштурулган бул жүрүштүн негизги максаты – Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата стереотиптерди жана стигманы азайтуу, алардын укуктарын жайылтуу жана коргоо.