Кадамжайда “Мал ууру” иш-чарасынын жүрүшүндө мал уурулукка шектүү эки жаран кармалды

Кадамжай районунун аймагында милиция кызматкерлери тарабынан “Мал ууру” рейддик иш-чарасы өткөрүлүп, тамактануучу жайлар, мал базарлар, соода-сатык дүкөндөр бир катар текшерүүлөрдөн өттү.

WhatsApp Image 2022 04 12 at 08.13.46 Кадамжайда “Мал ууру” иш-чарасынын жүрүшүндө мал уурулукка шектүү эки жаран кармалды


Мурда кылмыш жасап сот жоопкерчилигине тартылып, милициянын каттоосунда турган жарандар менен менен кылмыштын алдын алуу иштери боюнча профилактикалык түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.


“Мал ууру” иш-чарасынын жүрүшүндө 2022-жылдын 1-апрелинен 2-апрелине караган түнү Майдан айыл аймагынын тургунун мал сарайындагы бир баш букасын белгисиз жарандар тарабынан уурдалып, Кадамжай РИИБнин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталган фактынын бети ачылып, шектүү катары А.Масалиев айыл аймагынын Какыр айылынын 19 жаштагы А.А. жана 25 жаштагы С.А. аныкталып кармалып, уурдалган мал өз ээсине кайтарылып берилди.

WhatsApp Image 2022 04 12 at 08.13.46 1 Кадамжайда “Мал ууру” иш-чарасынын жүрүшүндө мал уурулукка шектүү эки жаран кармалды

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы