Баткенди өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банк элүү миллион доллар каржылайт

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Баткен облусунда «Экономикалык региондук өнүктүрүүнүн экинчи долбоору» боюнча Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоору каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган маселе боюнча Кыргызстандын Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов маалымат берди.

«Долбоордун алкагында Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банк тарабынан 50 млн АКШ доллары бөлүнүп жатат. Каражаттын жарымы грант, калган жарымы насыя түрүндө берилет. Пайыздык чен 0,75% түзөт. Насыя 38 жылга берилип, анын 6 жылы жеңилдетилген мезгил болуп саналат», — деди.

Министрдин орун басары белгилегендей, экинчи региондук экономикалык өнүктүрүү долбоору 6 жыл аралыгында 2027-жылга чейин коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан ишке ашырылат.

«Долбоор инфраструктураны жана мамлекеттик кызматтарды жакшыртууга, атаандаштыкка жөндөмдүү айыл чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу аркылуу кирешени көбөйтүүгө, чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү аркылуу жумуш орундарын жогорулатууга багытталган», — деп кошумчалады Сейитов.

Талкууда комитет мүчөлөрү долбоордун Баткен облусунун экономикалык өсүшү жана өнүгүүсү үчүн мааниси чоң экенин белгилеп, аны ишке ашыруу боюнча бир катар сунуш-пикирлерин айтышты. Депутат Адахан Мадумаров белгилегендей, министрлер кабинети долбоорду ишке ашырууну АРИСке тапшырбай, каражатты түз алуучу катары өзү ишке ашырып, алардын максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчиликтүү болушу керек.

Комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков дагы Баткен облусунун экономикалык аймактарын өнүктүрүүнүн биринчи долбоору боюнча АРИСтин ишинин натыйжалуулугун тыкыр иликтөө зарылдыгын белгилеп, чечимди кабыл алууну кийинкиге калтырууну сунуштады.

Талкуунун жыйынтыгында авторлор долбоорду кайра иштеп чыгуу үчүн чакыртып алышты.