Каржы пирамидасына алданган аял өзүн өрттөдү

Казакстанда каржылык пирамидасына алданган аял өзүнө ИИМдин алдында өрт койду.

Жергиликтүү ЖМКлар жазышкандай, аял «Mudarabah Capital» пирамидасына 20 млн тенге салган. Учурда аталган пирамидага кылмыш иштери ачылган.

Алданган аял кылмыш кайра жабыларына көзү жетерин билип, анын өлүмүнө Алматы полициясынын жетекчисинин орун басарын күнөөлөдү.

«Менин өлүмүмө Рустам Абдрахмановду күнөөлүү деп тапкыла, себеби ал иштин жабылышын тездетип, ал иш Нур-Султан шаарына өтүп кетпесүүнүн айласын табууда», — деп жазган ал.