«Альянс Алтын» ЖЧКсынын алдындагы «Бакубат Талас» фонду 35 марал сатып алууну каржылады

«Альянс Алтын» ЖЧКсынын алдындагы «Бакубат Талас» фонду 35 марал сатып алууну каржылады. Бул тууралуу «Альянс Алтын» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган компания 2,5 млн сом бөлгөн.

«Маралдар Алтай Республикасынан алып келинип, Кыргызстандын жапайы жаратылышына кое берилет. Акыркы жылдары Кыргызстанда бул жаныбарлардын саны азайганы байкалган, ал эми Алтайдан алып келине турган маралдар алардын санын көбөйтүүгө жардам берет”, — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, “Альянс Алтын” ишканасы айлана-чөйрөнү коргоого өзгөчө көңүл буруп келет жана маралдарды сатып алуу анын ишинин ушул багыттагы бир бөлүгү. Бул иш-чара КР президентинин “2022-жылды Тоолордун экосистемасын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгын аткарууну жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас облустук башкармалынынын долбоорун колдоону көздөйт.