Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын унаадагы бийи көпчүлүктүн назарында

Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын унаада отуруп бийлеген видеосу тарады.

Социалдык тармактардын колдонуучуларынын кээ бирөө муну колдосо, айрымдары адепсиздик катары баалады.

41 жаштагы Атыр Абдрахматова буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү болгон. 2021-жылдагы парламенттик шайлооо Жети-Өгүз районунан бир мандаттуу округдан ат салышкан. Абдрахматова бийлик алмашкан Октябрь окуясына себеп болгон 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо БШКнын мүчөсү катары оппозициялык партиялардын укугун коргоп чыккан. Ал буга чейин акыйкатчылыкка талапкерлигин эки жолу коюп, өтпөй калган.