Чек арада каза болгондор 20 миң АКШ доллардан ашык аткезчилик жүктөрдү алып өтүүгө аракет кылышкан

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы куралдуу чыр-чатакта эки адам көз жумду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 5-апрель күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Дейрес айылында Кыргызстандын бир нече жараны контрабанда жүктөрдү Өзбекстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан.

«Аткезчилер өзбек чек арачыларынын токтотуу талабына баш ийишкен эмес. Жарандарды кармоо учурунда чыр чыккан. Өзбек чек арачылары өз өмүрү жана ден соолуктарын сактап калуу үчүн курал колдонуп, анын кесепетинен эки жаран алган жаракаттарынан улам каза болушкан. Каза болгондордун бири 37, экинчиси 31 жашта.

Алар Өзбекстанда туулуп өскөн, 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган. Өзбек паспортун да сактап жүрүшкөн. Калган чек ара бузуучулар Кыргызстандын аймагына качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнүн макулдашуусуна ылайык «жүк (груз) 200» кыргыз тарапка 2022-жылдын 5-апрели саат 23:46да «Маданият-авто жол» өткөрүү жайы аркылуу өткөрүлүп берилди», — деп айтылат билдирүүдө.

Өзбек чек арачыларынын маалыматына караганда, Кыргызстандын жарандары жалпы суммасы 20 миң АКШ доллардан ашык аткезчилик жүктөрдү алып өтүүгө аракет кылышкан.

Аксы районунун Дейрес айылында Кыргызстандын жарандары менен Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын чек арачыларынын ортосунда орун алган чыр-чатактын натыйжасында КР УКМКнын Чек ара кызматы аткезчилик жүктөрдү ташууга катышкан жарандары издөө боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүп жатат.