Ала-Букада аткезчилик фактысы аныкталды

Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-апрель күнү саат 10:30 чамасында Ак-Там айылынан Өзбекстанга аткезчилик жол менен 4 баш бодо малды өткөрүп жаткан мезгилде Аксы районунун тургундары “Хундай Портер” үлгүсүндөгү автоунаа менен кармалышкан.

Аталган факты боюнча Ала-Бука РИИБдин маалыматтык электрондук журналына “Аткезчилик” (контрабанда) болуп катталган.

Териштирүү маалында Аксы районунун тургундары, бир тууган ага-инилер 4 баш өздөрүнүн бодо малдарын Өзбекстандын жаранына сатуу үчүн үйүнөн айдап чыгышкандыгы белгилүү болгон. Алар малдарды Аксы районунун Кара-Дөбө айылындагы чек арадан өткөрүүнү көздөшкөн. Бирок ал жерде чек араны караган Кыргызстандын жоокерлери тургандыктан өткөрө албай коюшкан.

Андан соң букаларды “Хундай Портер” үлгүсүндөгү автоунаага жүктөшүп, Ак-Там айылындагы чек арадан өткөрүү үчүн алып барышкандыгы белгилүү болгон.

Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

7 TV.Kg 70 Ала-Букада аткезчилик фактысы аныкталды