УКМК: Ош шаардык ИИБ кызматкерлери кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз баңги заттарын жүгүртүүнү аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунда (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш иштин алкагында милициянын полковнини А.У.К. жана милициянын старшинасы Т.у.А. кармалды.


КР УКМК кызматкерлери, аталган А.У.К. 2022-жылдын 1 нен 2 сине караган күнү түнкү саат 03:15 чамасында 894 грамм салмактагы өзгөчө жыты бар баңги затын белгиленген жерге бекитип таркатып жүргөн жеринен Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнун (УККБ) башчысы, милициянын подполковниги 1982-жылы туулган А.У.К. жана Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн (МККБ) 4-взводунун кенже инспектору 1998-ж.т. Т.у.А. кармады.

1338191. 9a080208af8a7f4c35e8a1c01a9f0faf укмк: ош шаардык ииб кызматкерлери кармалды
1338193. 3c167fe7924c8eb6d26958792eba4dbc укмк: ош шаардык ииб кызматкерлери кармалды
0af780fe 2304 4737 adcb 6026c3014151 укмк: ош шаардык ииб кызматкерлери кармалды
134269e1 d749 4a21 9ec6 5916244d2aaf укмк: ош шаардык ииб кызматкерлери кармалды


Жыйынтыгында Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз баңги затын ташыган каналдардын биринин ишине бөгөт коюлду.