Орусия Украинанын Буча шаарындагы окуялардан улам БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүнү талап кылды

Орусия Украинанын Буча шаарындагы окуялардан улам 4-апрелде БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүнү талап кылды. Бул тууралуу өлкөнүн БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Дмитрий Полянский билдирди.

Өткөн жуманын аягында орус аскерлеринен бошотулган Буча шаарында көптөгөн жайкын тургундардын сөөктөрү табылган.

“Орус армиясы жайкын тургундарды өлтүргөн деген билдирүүлөр “украин радикалдарынын кыжырды келтирген чагымы”. Биз чагымчылар менен алардын батыштагы колдоочуларынын жүзүн ачабыз”, – деп жазды Полянский Телеграм каналына.

Өз кезегинде Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын Буча шаарындагы аракетин БУУнун Коопсуздук кеңешинде талкуулоону өтүндү.

Буга чейин БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Бучадагы окуялар боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүлүшү керек экенин айткан.