Орус апалары, силер тарбиялаган балдар мыкаачы, марадер, зөөкүр жана адам өлтүргүч болду, – Владимир Зеленский

Украин армиясы Киев облусунан орус армиясын сүрүп чыгып, дээрлик өз көзөмөлүнө алганын билдирди. Баскынчылардан бошотулган Буча шаарында ондогон жайкын тургундун сөөгү табылды. 3-апрелдин таңында орус армиясы Одесса шаарына ракетадан сокку урду. Ал эми Балтика мамлекеттери орус газынан баш тартышты.

089d0000 0a00 0242 8fdc орус апалары, силер тарбиялаган балдар мыкаачы, марадер, зөөкүр жана адам өлтүргүч болду, - владимир зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн Инстаграм баракчасына да маалыматты тастыктап, сүрөттөрдү киргизип ага мындай деп жазды:

  • Карагылачы орус апалары, мен сунуштайм, ушул сүрөттөрдү көргүлө, силер тарбиялаган балдар мыкаачы, марадер, зөөкүр жана адам өлтүргүч болду, – деп жазган.

«Франс-пресс» агенттигинин журналистери тарткан видео, сүрөттөрдөн орус баскынчыларынан бошотулган Буча шаарындагы бир эле көчөнүн ар кайсы тарабында жаткан сөөктөрдү көрүүгө болот. Алардын айрымдарынын колдору байланган. Бирөөнүн колунда ачылган украин паспорту бар. Маркумдардын карарып кеткен жүздөрүнөн бир нече күн мурун өлгөнүн боолгосо болот. Үрөй учурган ушундай эле кадрларды «Рейстерс» агенттиги да таратты.

Зеленский Мариуполдун Орусия кол салгандан бери туруштук берүүсү Украинага түндүктөгү аймактарын кайтарып алууга мүмкүнчүлүк бергенин айтты.