“Билим берүү министрлигине быйыл кошумча 16 млрд. сомдон ашык каражат бөлүп бердик”, – Жапаров

1-апрелден тартып 309 миңдей социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга 2022-жылдын тогуз айына кошумча 26 млрд. сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде президент Садыр Жапаров социалдык тармакта эмгектенген кызматкерлердин республикалык жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Ал билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык коргоо тармактарында иштеген кызматкерлердин айлык акысы 50-100 пайызга чейин көтөрүлө турганын айтты.

“Билим берүү министрлигине быйыл кошумча 16 млрд. сомдон ашык каражат бөлүп бердик. Муну менен Билим берүү министрлиги – эң көп каржыланган министрлик болуп калды. Мында бардык категориядагы кызматкерлердин айлык акысы 50 пайыздан жогору көтөрүлдү. Эмгек акы системасы калыбына келтирилди. Оклад системасына өткөздүк, категорияларды да киргиздик.Бул жерде орто мектеп мугалимдеринин орточо айлыгы 80 пайызга өстү дегенибиз менен чындыгында, айрым учурларда айлык акы үч эседен ашык көтөрүлдү. Маселен, Лейлек районундагы башталгыч класстын мугалимин алалы: педучилищаны бүтүргөн, эмгек стажы жок мугалимге мурда 8 846 сом чегерилип, колуна 7200 сом алып келсе, 1-апрелден баштап ага 23 933 сом чегерилип, колуна 21 800 сом ала баштайт. Дагы бир мисал, Ысык-Ата мектебинин педагогикалык иш стажы жок, бакалавр даражасына ээ математика мугалими 1-апрелге чейин 10 миң 450 сом алса, (чегерилгени 12 миң 907 сом) эми 25 миң 300 сом ала баштайт”, – деди президент.