Жол кырсыгынан алты адам жаракат алып, эки адам каза болду

Чүйдүн Москва районунун Төлөк айылында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

FB IMG 1648783977370 Жол кырсыгынан алты адам жаракат алып, эки адам каза болду

Кырсыктын кесепетинен алты адам (төрт эркек: 20 жаштагы И.Б., А.У., калган экөөнүн аты-жөнү такталууда, эки кыз: 17 жаштагы А.Ж., 21 жаштагы Ж.Э.) жабыркаган. Ошондой эле 21 жаштагы К.Б. жана дагы бир эркек киши каза болгон.

Жерине 5 куткаруучу тартылган. Каза болгон 21 жаштагы К.Б. аттуу унаанын айдоочусун чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркагандарды тез жардам кызматы Москва райондук ооруканага алып кеткен.

whatsapp image 2022 04 01 at 09 14 01 Жол кырсыгынан алты адам жаракат алып, эки адам каза болду