Борбордук Азияда баңгизаттарды жайылтууну токтотуу боюнча Программанын 7-фазасын расмий ишке киргизүү аземи болуп өттү

2022-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында Борбордук Азияда баңгизаттарды жайылтууну токтотуу боюнча Программанын (CADAP) 7-фазасын расмий ишке киргизүү аземи болуп өткөн.
Аталган иш-чаранын негизги максаты – учурдагы фазанын серебин, негизги максаттарды жана күтүлгөн жыйынтыктарды көрсөтүү, ошондой эле аймактык деңгээлдеги артыкчылыктуу, биргелешкен аракеттерди аныктоо.


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Н. Абдиев өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндө белгилегендей, “Мамлекет ичиндеги, ошондой эле Программага жана Европалык бирликке катышуучу мамлекеттердин компетенттүү органдарынын кызматташтык жана өз ара аракеттенүү механизмин түзүүнү катыган, КАДАП программасынын дараметин максималдуу пайдалануу максатка ылайык деп эсептейбиз”.

WhatsApp Image 2022 03 31 at 12.44.35 2 Борбордук Азияда баңгизаттарды жайылтууну токтотуу боюнча Программанын 7-фазасын расмий ишке киргизүү аземи болуп өттү


Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Элчисинин орун басары Раймондс Вингрис белгилегендей, коопсуздук жана туруктуулук меселелери ЕБнын Борбордук Азия боюнча жаңы Стратегиясынын артыкчылыктуу багыттары бойдон калууда. Ал: “Европалык бирлик уюшкан кылмыштуулук, мигранттарды мыйзамсыз киргизүү, адамдарды сатуу жана баңгизат каражаттарынын аткезчилиги менен күрөшүү чөйрөсүндө аймактар менен кызматташууну чыңдоонун андан аркы жолдорун издейт” – деп белгиледи.

WhatsApp Image 2022 03 31 at 12.44.35 Борбордук Азияда баңгизаттарды жайылтууну токтотуу боюнча Программанын 7-фазасын расмий ишке киргизүү аземи болуп өттү


Бул иш-чарага, программанын бенефициарларын жана башка Борбордук Азия, Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин өнөктөш-элчилерин, ошондой эле коопсуздук, баңгизаттар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

WhatsApp Image 2022 03 31 at 14.27.11 2 Борбордук Азияда баңгизаттарды жайылтууну токтотуу боюнча Программанын 7-фазасын расмий ишке киргизүү аземи болуп өттү
WhatsApp Image 2022 03 31 at 12.44.36 1 Борбордук Азияда баңгизаттарды жайылтууну токтотуу боюнча Программанын 7-фазасын расмий ишке киргизүү аземи болуп өттү
WhatsApp Image 2022 03 31 at 12.44.36 Борбордук Азияда баңгизаттарды жайылтууну токтотуу боюнча Программанын 7-фазасын расмий ишке киргизүү аземи болуп өттү