Кыргызпатенттин директору Сауд Аравия Королдугунун Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрахим Аль-Ради менен жолукту

Бүгүн, 31-мартта  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) директору Рахат Керимбаеванын жана Кыргыз Республикасындагы Сауд Аравия Королдугунун Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрахим Аль-Радинин эки тараптуу жолугушуусу өткөрүлдү.

Жолугушууда тараптар Кыргызпатент менен  Саудиянын интеллектуалдык менчик боюнча ведомствосунун (SAIP) ортосундагы кызматташтык тууралуу талкуулашты.

Рахат Керимбаева Кыргызпатенттин интеллектуалдык менчикти жана инновациялар жаатындагы ишмердиги,  ведомство тарабынан демилгеленип жаткан “40 райондон 40 демилге”, “Аймактарда инновациялык борборлорду ачуу”долбоорлору тууралуу айтып берди. Элчи мырзаны Кыргызпатенттин инновациялык борборуна келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде, Элчи Ибрахим Аль-Ради Кыргызпатенттин чыгармачылыкты, илимди өнүктүрүүдө жана аймактагы таланттарды колдоодогу ишмердигинин маанилүүлүгүн белгилеп, интеллектуалдык менчик ведомстволорунун кызматташтыгы эки өлкөнүн байланышын бекемдөөгө зор салым кошооруна ишенерин билдирди.

Тараптар мындан аркы кызматташуу пландарын талкулоо үчүн бир нече жолугушууларды өткөрүүнү макулдашты.