Фоторепортаж. Калкан-2022 тактикалык машыгуулардын активдүү фазасы өттү

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 2022-жылдын 31-мартында Кыргызстандын чек ара ведомствосу үчүн  сатылып алынган жаңы техникалардын жана Байрактар ТБ-2 УУАнын мүмкүнчүлүктөрү КР УКМКнын Чек ара кызматынын «Калкан-2022» атайын тактикалык машыгуусунун жигердүү фазасында көрсөтүлдү.

02 1 Фоторепортаж. Калкан-2022 тактикалык машыгуулардын активдүү фазасы өттү

       Машыгуунун сценарийине ылайык, КР УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара кезмети ишенип берилген аймакта мамлекеттик чек араны кайтаруу буйругун аткарууда Кыргызстандын аймагына чектешкен мамлекеттен кирип келген мыйзамсыз эл аралык кылмыштуу топ менен туш болгон.

       Машыгуунун жүрүшүнө ылайык, куралдуу кылмышкерлер чектешкен мамлекеттин аскердик объектилерине бир катар чабуулдарды жасап, топтук курал-жарактарды, танк түрүндөгү аскердик техниканы жана күжүрмөн чалгын автоунаасын тартып алышкан.

       Террорчулар кыргыз чек арачыларына каршы топтук куралдан жана минометтордон ок чыгарган.

       Машыгуунун практикалык бөлүгүндө УКМКнын Чек ара кызматынын атайын дайындалган бөлүктөрү Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тарамдары менен биргеликте мамлекеттик чек араны кесип өткөн (жарып өткөн) мыйзамсыз куралдуу топторго бөгөт коюу жана жок кылуу боюнча жөндөмдөрүн жана чеберчиликтерин көрсөтүштү. Эл аралык кылмыштуу топтун республиканын аймагына терең кирип кетишине жол бербөө жана террористтердин бронетранспортерлорун жана топтук куралдарын жок кылуу максатында Байрактар ТБ-2 учкучсуз учакты колдонуу чечими кабыл алынды. Байрактар ТБ-2нин өздүк курамы тапшырма алган соң, бутаны издөөгө киришти.

04 1 Фоторепортаж. Калкан-2022 тактикалык машыгуулардын активдүү фазасы өттү

       “Бута табылды! Жок кылууга уруксат сурайм! – Жок кылгыла!” Сокку оперативдүү-тактикалык орто бийиктиктеги учкучсуз учуучу учак так сокку урат жана террористтердин согуштук танкы жана брондолгон чалгын машинасы жок кылынат.

       Аскердик маневрлер террордук топту толук жок кылуу менен аяктады. Машыгууларда Өзгөчө кырдаалдар Министрлигинин күчтөрү калкты эвакуациялоого жумшалып, өрт өчүрүүчүлөр кагылышуу болгон жерлердеги өрттөрдү өчүрүштү. Тартип сакчылары элдин коопсуздугун камсыздоо максатында блок-постторду коюшту. Окуя орун алган жерде тергөө органдары тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Жабыркагандарга Саламаттыкты сактоо Министрлигинин өкүлдөрү жардам көрсөтүштү. Сунушталган машыгуу сценарийи мамлекеттик чек арадагы реалдуу кырдаалга мүмкүн болушунча жакын болду.

       “Калкан-2022” машыгуулары Байрактар ТБ-2 сокку уруучу учкучсуз учуучу учактын жана жаңы аскердик техникалардын күжүрмөн жөндөмдүүлүктөрүн көрсөттү. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин биринчи орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев, өз сөзүндө:  ““Калкан-2022” машыгуусунун бардык катышуучулары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарышып, мыйзамсыз куралдуу топторду жок кылуу боюнча операцияларды даярдоо жана өткөрүүнүн практикалык ыкмаларын иштеп чыгышып ошону менен бирге аскерлерди башкаруу, Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү уюштуруу боюнча практикалык жөндөмдөрүн өркүндөтүштү” – деп белгиледи.

03 1 Фоторепортаж. Калкан-2022 тактикалык машыгуулардын активдүү фазасы өттү

       Атайын багыттагы тарамдар тарабынан заманбап курал-жарактар, аскердик жана атайын техникалар, ТИГР бронетранспортерлору жана КР УКМКнын Чек ара кызматындагы Байрактар ТБ-2 сокку уруучу УУАлар колдонулду. 

dos 3132 Фоторепортаж. Калкан-2022 тактикалык машыгуулардын активдүү фазасы өттү
09 Фоторепортаж. Калкан-2022 тактикалык машыгуулардын активдүү фазасы өттү
12 1 Фоторепортаж. Калкан-2022 тактикалык машыгуулардын активдүү фазасы өттү
08 Фоторепортаж. Калкан-2022 тактикалык машыгуулардын активдүү фазасы өттү
dos 3426 Фоторепортаж. Калкан-2022 тактикалык машыгуулардын активдүү фазасы өттү
dos 3449 Фоторепортаж. Калкан-2022 тактикалык машыгуулардын активдүү фазасы өттү
dos 3261 Фоторепортаж. Калкан-2022 тактикалык машыгуулардын активдүү фазасы өттү
dos 3060 Фоторепортаж. Калкан-2022 тактикалык машыгуулардын активдүү фазасы өттү
dos 3054 Фоторепортаж. Калкан-2022 тактикалык машыгуулардын активдүү фазасы өттү