Ысык-Көл облусунда зордук-зомбулукту алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Кыргыз Республикасынын ИИМдин тескемесинин негизинде Ысык-Көл облусунун
шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн коомдук коопсуздук
кызматкерлерине зордук-зомбулукту алдын алуу максатында жергиликтүү
бийлик органдары менен бирдикте бул багытта иш чараларды күчөтүү боюнча
атайын семинар окуутусу Кыргыз Республикасынын ИИМдин коомдук коопсуздук
кызматынын балдар иштери боюнча инспекциясы тарабынан өткөрүлүүдө.


Аталган иш чаранын биринчи күнү Балыкчы шаарынын мэриясынын жыйындар
залында өткөрүлүп, семинарга коомдук алдын алуу борборлорунун, билим
берүү мекемелеринин, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрүнүн
катышуусунда өттү. Окуу-семинарда катышуучуларга Кыргыз Республикасынын
ченемдик укуктук актыларынын негизинде зомбулукка кабылган балдар үчүн
укук тартибин жана сот адилеттилигин сактоо чөйрөсүндөгү базалык
кызматтарды көрсөтүү боюнча стандарттык процедуралары, милициянын
аймактык ыйгарым өкүлдөрүнүн жана балдар иштери боюнча инспекциясынын
аймактык инспекторунун күндөлүк колдонмо китепчесинин талаптары окутулду
жана тартууланды. Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президенти С.
Жапаровдун Жарлыктарын негизинде, инсандын руханий адеп-ахлактык
өнүгүүсү жана дене тарбиясы, ысырапкорчулук боюнча кеңири
түшүндүрмөлөрү жеткирилди.


Андан соң, семинардын уюштуруучулары милициянын көчмө кабылдамасы менен
жергиликтүү тургундарга жолугушуп, алардын аталган багыт боюнча суроо –
сунуштарын угушуп, өздөрүнүн жоопторун беришти.


Аталган иш чара Ысык-Көл облусунун бардык шаарларында жана район
борборлорунда өтмөкчү.

2 9 Ысык-Көл облусунда зордук-зомбулукту алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

ИИМдин Басма сөз кызматы