Сеид Атамбаев атасын мажбурлап сотко алып келген окуя боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуш кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди эркине каршы сотко алып келген окуяга көңүл бурууга чакырды. Эл өкүлү бул маселени парламенттин 30-марттагы жыйынында көтөрүп, депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

“Бул ишти жөн коюш керек эмес. Ар бир фракциядан бирден депутат кирген комиссия түзүп, ишти караш керек. Бул жерде кызыкчылыктар кагылышы дагы болууда. Анткени, Акылбек Үсөнбекович кабинеттин жетекчиси болуп жатат, Рахатбек Үсөнбекович (Жапаровдун иниси – Жаза аткаруу кызматынын жетекчи орун басары) анын иниси болуп жатат, кудасы ким экенин өзүңөр билесиңер. Ошондуктан мен бул ишти кандай болсо дагы аягына чыгарам”, – деди депутат Атамабев.

Жогорудагы иштерден тышкары Биринчи май райондук сотунда мурдагы президентке байланыштуу кылмыштуу жолу менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча, борбор калаанын Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү жана 2020-жылдын октябрындагы Бишкектеги башаламандыктар тууралуу иштер каралып жатканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.