Жөө жүргүнчү өтүүчү өтмөктөн жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен айдоочу кармалды

ЖКККББ: 27-март күнү саат 21:30дар чамасында Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Төмөнкү Ала-Арча айылында жол кырсыгы катталган.

21 36 20 Жөө жүргүнчү өтүүчү өтмөктөн жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен айдоочу кармалды


Белгисиз айдоочу кара түстөгү белгисиз мамлекеттик номерлүү “БМВ М3” үлгүсүндөгү унаасы менен Төмөнкү Ала-Арча айылынын Киргизия көчөсү менен түштүктөн түндүк тарапка карай башкарып бара жатып жөө жүргүнчү өтүүчү өтмөктөн жөө жүргүнчүлөр Алихан жана Байелди сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.

21 36 41 Жөө жүргүнчү өтүүчү өтмөктөн жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен айдоочу кармалды


Бул окуя Аламудун РИИБде катталып, тергөөчү тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИББгы боюнча ЖКККБнүн кызматкерлери БМВ 316 үлгүсүндөгү унаасы менен Бишкек шаарынын тургуну 2001-жылы туулган П.И. аттуу жаранды кармашкан. Унаа атайын унаа токтотуучу жайга коюлган.
КР ИИМдин ЖКККББнын Басма-сөз кызматы