Чүй облусунда адам уурдоого шектүүлөр кармалды

Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө 37-жаштагы Н.Б. денесинде көптөгөн
жаракаттар менен Бишкек шаарынын ооруканасына түшкөндүгү жөнүндө
маалымат түшкөн.


Аталган факты райондук ички иштер бөлүмү тарабынан каттоого алынган.
Болгон факты боюнча Н.Б. сурак алууга мүмкүн болгон жок. Кийин ал өзүнө
келгенде Сокулук РИИБге арыз менен кайрылып, керектүү экспертизалар
дайындалган. Аймактык жактан алганда, иш материалдары Москва районунун
ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген, ал жерде Кыргыз Республикасынын
Кылмыш-жаза кодексинин 165 (Адам уурдоо) беренесинин неигизинде сотко
чейинки териштирүүлөр башталган.


Керектүү тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында, алдын ала маалыматтар
боюнча, жаран Н.Б. 2022-жылдын 21-мартында белгисиз адамдар Чүй
облусунун Москва районундагы айылдардын биринен автоунаа менен Сокулук
районуна жеткирилип, ал жерден күч колдонуп кармап, денесине көптөгөн
жаракаттарды келтиришкен.

Туугандары көпкө чейин байланыша албай,
кийинчерээк ошол эле күнү ал өзү туугандары менен байланышып, денесинен
жаракат алып, туугандары аркылуу Бишкектеги ооруканалардын биринин
жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ошондой эле, ошол эле белгисиз адамдар
ВАЗ-21099 үлгүсүндөгү унааны ээлеп алып, кетип калганы белгилүү болду.
Керектүү иш-чаралардын алкагында Чүй ОИИБнин Уюшкан кылмыштуулукка каршы
күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Москва РИИБнин кызматкерлери менен
биргеликте жогоруда аталган фактыны жасоого шектелип, 30-жаштагы Т.Ф.
жана 25-жаштагы А.Д. кармалган жана убактылуу кармоочу жайга
киргизилген.
Бардык жагдайлар такталууда. Учурда тергөө иштери уланууда.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы