Борбор калаада мыйзамсыз коюлган тосмолор алынууда

Көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти калыбына келтирүүнү, анын ичинде шаарды мыйзамсыз орнотулган объекттерден бошотууну улантууда.

Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Учурда муниципалитеттин жанында жайгашкан Киев көчөсүндөгү тосмолор демонтаждалды.

Ошондой эле, инспекция тарабынан Экономика министрлигине караштуу «Кыргызстандарт» мекемесинин Панфилов көчөсүндөгү тосмолор алынды.

Инспекция “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте Улуттук университеттин жана борбордогу бир катар обьектилердин тосмолорун демонтаждоо иштерин баштады.

Буга чейин инспекция өз ыктыяры менен демонтаждоо боюнча эскертүүлөрдү берген. 

YouTube video
WhatsApp Image 2022 03 26 at 11.22.12 Борбор калаада мыйзамсыз коюлган тосмолор алынууда
f24c13d4 b701 4639 846e e4267d32e288 Борбор калаада мыйзамсыз коюлган тосмолор алынууда