Нурбек Токтакуновду күч кызматкерлери кармап кетишти

Юрист Нурбек Токтакуновду күч кызматкерлери кармап кетишти. Бул тууралуу анын жактоочусу Бакыт Автандил уулу билдирди.

Маалыматка ылайык, Нурбек Токтакуновду бүгүн эртең менен атайын күч кызматкерлери келип алып кетишкен.

Эске салсак, кечээ, 24-мартта Биринчи Май райондук соту Токтакуновду Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси «Майда бейбаштык» боюнча Кыргызстандын бардык судьяларына акаарат келтиргендиги үчүн күнөөлүү деп таап, беш суткага камакка алуу чечимин чыгарган.

Ошол эле күнү жактоочу Нурбек Токтакунов апелляциялык арыздын негизинде убактылуу кармоочу жайдан чыгарылды.

«Эгер Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырса, анда ал мыйзамдуу түрдө күчүнө кирет», — деген ал.