Президент жалпы республикалык каттоого катышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта өлкө боюнча башталган 2022-жылдагы Кыргыз Республикасынын калкын жана турак жай фондун жалпы республикалык каттоого катышты.

02 Президент жалпы республикалык каттоого катышты

Мамлекет башчысы суроолорго сурамжылоонун формасы боюнча жооп берди. Каттоочу атайын мобилдик тиркеменин жардамы менен Жапаров жана анын үй-бүлөсү тууралуу бардык маалыматтарды жеринде жазып алды.

04 Президент жалпы республикалык каттоого катышты

Эске салсак, Кыргызстанда калкты жана турак жай фондун каттоо 25-мартта башталып, 2022-жылдын 3-апрелине чейин уланат. Республиканын алыскы аймактарында каттоо 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майга чейин жүргүзүлөт. Эл каттоого 28 миң убактылуу каттоочу кызматкерлери (координаторлор, инструктор-көзөмөлдөөчүлөр жана эл каттоочулар) тартылды. Жалпы республикалык өнөктүк каттоочулар тарабынан жеке уюлдук телефон же планшет аркылуу мобилдик тиркемени колдонуу менен биринчи жолу электрондук форматта өткөрүлөт.