Эгемберди Дорбоевдин сөөгү жерге берилди

Украинадагы атайын аскердик операция учурунда каза болгон Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн жоокери Эгемберди Дорбоевдин сөөгү Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында жерге берилди.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Орусиянын жана Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн аскерлери катышты. Анын сөөгү кечээ айылына жеткирилген. Дорбоев Россиянын жараны болчу. Бирок Кыргызстанда туулган. Норильск шаарынын мэринин маалыматына караганда, Эгемберди 8-мартта көз жумган.