Нурбек Тктакунов убактылуу кармоочу жайдан чыгарылды

Биринчи май райондук сотунун чечими менен 5 суткага камакка алынган Жактоочу Нурбек Токтакунов апелляциялык арыздын негизинде убактылуу кармоочу жайдан чыгарылды.

«Эгер Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырса, анда ал мыйзамдуу түрдө күчүнө кирет», — деди ал.

Ал эми Токтакуновду колдоо үчүн ИИМ имаратынын алдына юрист Сания Токтогазиева, укук коргоочу Динара Ошурахунова, активисттер Айсулуу Кудайбердиева, Рита Карасартова, Улан Усөйүн жана башкалар келишкен.

Эске салсак, Биринчи Май райондук соту аны Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси «Майда бейбаштык» боюнча Кыргызстандын бардык судьяларына акаарат келтиргендиги үчүн күнөөлүү деп тапкан.