Руслан Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү

22-мартта Исламабадда өткөн Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин башчылары кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана мамлекеттер ортосундагы мамилелердин өнүгүү келечегин талкуулашты. Ошондой эле министрлер жакынкы келечекте жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруу боюнча пикир алмашышкан.

Эки тараптуу мамилелерди активдештирүү максатында тараптар жакынкы аралыкта эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын жетекчилеринин деңгээлинде жолугушууларды өткөрүү зарылдыгын белгилешти. Тараптар ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун жолугушууларын улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти“, – деп билдиришти министрликтен.

Мындан тышкары, министрлер алдыда боло турган Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусу боюнча пикир алмашып, регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүүдө жана тереңдетүүдө бул жогорку деңгээлдеги регионалдык платформанын уникалдуулугун жана маанилүүлүгүн баса белгилешкен.

Тараптар ошондой эле эл аралык жана регионалдык коопсуздук маселелерин, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаалды талкуулашкан.