16-январда жеке менчик мейманканада сөөгү табылган аялдын ким экени аныктала элек

Бишкекте аялдын жансыз денеси табылды. Маркумдун аты-жөнүн аныктоого, жакындарын табууга милиция кызматкерлери жардам сурайт.

Ленин РИИБинин маалыматына ылайык, 16-январда жеке менчик мейманканалардын биринде аялдын жансыз денеси табылган. Ал болжол менен 50-55 жаш чамасында, зордук-зомбулуктун белгилери жок. Бул факты каттоого алынган.

Маркумдун белгилери: бою 165-170 сантиметр, арык, мурду кырдач, башы сүйрү, чачтары кара.

Өзгөчө белгилери: 5 тиши жок.

Кийип жүргөн кийимдери: көк түстөгү футболка, күлгүн түстөгү шым.

Эгерде сүрөттөгү аял тууралуу маалымат билгендер болсо, төмөнкү номерлерге байланышып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0 (312) 352 605, 0 (705) 450 553, 0 (551) 088 330, 0 (553) 102 465 же 102.