Ички аскерлеринин Командачылыгынын аймагында жаз майрамы Ноорузга карата салтанат болду

Үстүбүздөгү жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин Командачылыгынын аймагында жаз майрамы Ноорузга карата арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы билдирди.

Майрамдык иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысынын орун басары полковник Марат Нуралиев, аскер кызматкерлер менен алардын үй-бүлөл мүчөлөрү, чакырылган коноктор жана ардагерлер катышты.

WhatsApp Image 2022 03 19 at 14.44.36 1 Ички аскерлеринин Командачылыгынын аймагында жаз майрамы Ноорузга карата салтанат болду


Аскер кызматкерлеринин жамааты кыргыз элинин каада-салттарын эпизодтук көрүнүштөрү менен демонстрациялап, катышуучуларга Нооруз майрамынын ырым жырымдарын көрсөтүштү.


Көркөм чыгармачылык топтун жааматы, иш-чаранын катышуучуларына жазгы маанай жана дем күч берип турду. Командалар ортосунда улуттук жана спорттук оюундардын түрлөрү боюнча таймаш өз нугунда өттү.
Иш-чаранын алдында аскер кызматкерлер Нооруз майрамынын салттуу “Сүмөлөк” тамагынын даамын татышты. Бул тамак түнү бою туруктуу аралаштыруу менен бышырылып, аскер кызматкерлерине таркатылды.
Майрамдык иш-чаранын аягында улуттук-спорттук оюундарынын жеңүүчүлөрүнө грамота жана акчалай сыйлык сыйланышты.

WhatsApp Image 2022 03 19 at 14.44.36 2 Ички аскерлеринин Командачылыгынын аймагында жаз майрамы Ноорузга карата салтанат болду
WhatsApp Image 2022 03 19 at 14.44.38 1 Ички аскерлеринин Командачылыгынын аймагында жаз майрамы Ноорузга карата салтанат болду
WhatsApp Image 2022 03 19 at 14.44.38 2 Ички аскерлеринин Командачылыгынын аймагында жаз майрамы Ноорузга карата салтанат болду


Жазгы Нооруз майрамына арналган иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрилигинин Ички аскерлеринин бардык аскер бөлүктөрүндө белгиленип өттү.