“Укук тартип” иш-чарасынын жүрүшүндө айып пулдар салынды

Сүлүктү шаарында өткөн “Укук тартип” иш-чарасынын жүрүшүндө айып пулдар салынды
Сүлүктү шаарында милиция кызматкерлери жериликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте шаар аймагында жайгашкан №8 И.Бектемиров жана №6 А.Кайымкулов атындагы орто мектептерде жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрдү.


Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун каада-салттардагы ашыкча ысырапкерчиликке бөгөт коюу боюнча чыгарган Жарлыгын элге жеткирип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

WhatsApp Image 2022 03 18 at 13.50.45 1 “Укук тартип” иш-чарасынын жүрүшүндө айып пулдар салынды

Ошондой эле шаар аймагында 2022-жылдын 15-17-мартында өткөн “Укук тартип” рейддик иш-чарасын түшүндүрүп шаар ичинде кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө багытында эскертүүлөрдү беришти.

WhatsApp Image 2022 03 18 at 13.50.45 “Укук тартип” иш-чарасынын жүрүшүндө айып пулдар салынды
,


“Укук тартип” рейддик иш-чарасынын жүрүшүндө шаар аймагында паспорттук режимдер, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери автоунаалардын документтерин, кароосуз калган имараттардын жер төлөлөрү, чатырлары текшерилип чыгып, жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 31протокол толтурулуп, айып пулдар салынды.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы