Руслан Рафибеков: Кыргызстанда шекердин запасы эки-үч айга кепилдиги менен кенен жетет

Акыркы күндөрү Кыргызстандын базарларына эл толуп, азык-түлүк тартыштыгы болот деп корккондор шашылыш түрдө шекер, ун, май сатып ала башташты. Бирок өлкөдө шекердин тартыштыгы жаралат деп кооптонуунун кереги жок экенин “Каинды Кант” шекер заводунун сырье департаментинин директору Руслан Рафибеков билдирди.

“Орусия Евразия экономикалык биримдигине кирбеген үчүнчү өлкөлөргө гана экспортко тыюу салды. ЕАЭБ мамлекеттери жана анын ичинде Кыргызстан азык-түлүккө муктаж боло турган болсо, Орусиянын айыл чарба министрлигинен кошумча уруксат алып, маселени чечүүгө мүмкүнчүлүктөр бар.

Буга чейин шекер саткандар түздөн-түз эле Кыргызстан, Казакстан жана Армения өлкөлөрүнө экспортторду жүргүзүп келсе, азыр Орусиянын айыл чарба министрлигинен да кошумча уруксат кагаздары керек болот. Бюрократия бир азга көбөйүп, кырдаалды кыйындатканы менен ЕАЭБ мамлекеттерине экспортко тыюу жок.

Мамлекеттин материалдык резерви кайрыла турган болсо, Орусия эч кандай тоскоолдуксуз эле керектүү азыктарды сатат. Сезон маалында биз 45 миң тонна шекерди өндүрүүгө жетиштик. Учурда Кыргызстандын кампаларында сакталган шекердин запасы эки жарым же үч айга кепилдиги менен жетет. Фермерлер алып кете элек жана алар буга чейин алып кетип өздөрүнүн кампаларына сактап койгон шекер да бар. Андан сырткары импорт менен келген шекер менен соода борборлорундагы запастарды да айтууга мүмкүн. Бирок дүкөндөрдөгү шекерди менимче дем алыш күндөрү эл калтырбай алып кетти.   

Ошондой эле биз шекерди импорттоого керектелген квоатага да ээ болдук. Маалымат каражаттарында жайылып кеткен шекер тууралуу кабарлар эл ичинде тынчсызданууну жаратты, бирок ал реалдуулукка анчалык туура келбейт. Орусия мындай чектөөлөрдү жалгыз өзү эле киргизип, чечимдерди өзү кабыл ала бербейт. ЕАЭБге кирген мүчө мамлекеттеринен түзүлгөн комиссиянын негизинде иш алып барат”, – дейт Руслан Рафибеков.