БУУ: Украинадан 2 миллион 300 миң киши чыгып кеткен

БУУ Орусия Украинага болгон аскердик операцияларын баштагандан бери 2 миллион 300 миң кишинин өлкөдөн чыгып кеткенин билдирди. Маалыматка ылайык качкындардын 1 миллионун балдар түзөт.

Ошондой эле, аталган уюм Украинадагы гуманитардык кырдаалдын Орусиянын оккупациясынан улам коркунучтуу ылдамдыкта начарлап баратканын эскертти.

БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик күнүмдүк пресс-брифингинде, Украинада согуш башталган 24-февралдан бери 1,9 миллион кишинин өлкө ичинде жер которгондугун жана алар батыштагы Львов шаарын көздөй бет алышканын маалымдады.

Белгилей кетсек, Орусия-Украина жаңжалы токтобосо, качкындардын саны жогорку чекке жетип, 4 миллионго жакын украиналыктар өлкөдөн чыгып кетери айтылууда.