Украинадагы согуштан качкандардын саны эки миллионго жетти

Россиянын куралдуу күчтөрү Украинага киргенден бери өлкөдөн чыгып кеткен качкындардын саны эки миллионго жетти. Бул тууралуу 8-мартта БУУнун качкындар иши боюнча Жогорку комиссары Филиппо Гранди маалымдады.

Уюм Европада Экинчи дүйнөлүк согуштан бери мынчалык ылдамдыктагы каатчылык болгон эмес деп ырастоодо.

Бул аралыкта 900дөй украин жараны Польшага, 150 миңдейи Венгрияга башпаанек издеп барды. Евробиримдик өз аймагында 6,5 миллионго чейин качкынды кабыл алууга даяр.

Мамлекеттик чек ара кызматы бир суткада эле украин чек арасынын батыш тилкесинен 131 миң киши чыгып кеткенин кабарлады.