Аскар Сыдыков: Кыргызстанда азык-түлүк, күйүүчү майларга баа көтөрүлөт

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков BULAK.KG маалымат сайтына берген маегинде Кыргызстанды экономикалык кризис күтүп турганын жана ал канча убакка созула турганы белгисиз экенин айтты.

Украинадагы согуш Кыргызстандагы ишкерлерге өз таасирин берип, бизнес тармагына сокку урду. Бул окуяларга кандай баа бересиз?

  • Азыр ушул кырдаалдын кесепеттери эмитен эле сезилип жатат. Себеби биздин экономикабыздын Орусия экономикасына валюта жагынан, сомдун кунунан улам, көптөгөн товарлардын, төлөмдөрдүн жана күйүүчү майлардын жүгүртүлүшү боюнча тыгыз байланышы бар. Ошондуктан өткөн аптада сомдун куну 10-11 пайызга ылдыйлап кетти. Айрым серепчилердин айтымында бул жаатта дагы өзгөрүүлөр болуп, мындан ары да түшүп кетиши ыктымал. Демек, биздин рыноктогу баалардын өсүп жатканы да ошондон улам.

Экономикалык көз караш боюнча алганда дүйнөлүк ири компаниялар Орто Азия мамлекеттерин Орусиянын бир субъекти катары карашат экен. Орусиянын башына түшкөн оор абалдын биздеги масштабы кандай?

  • Биздеги ишкерлердин көбү ун, суу май, күйүүчү май жана башка товарларды Орусиядан алып келишет. Күйүүчү майлардын баасы, наркы ар бир товардын эсебинде турат, алардын баасы келишим боюнча доллар менен жүргүзүлөт. Ошондуктан бааларды жогорулатууга муктаждык да пайда болот. Биздин көптөгөн мигранттарыбыз акча которууларда кыйынчылыктарга туш болушу ыктымал. Ошондуктан биз антикризистик чараларды көрүшүбүз керек болот.

Күйүүчү майдын баасын бир калыпта кармоо үчүн кандай аракеттер көрүлүшү керек?

  • Жалпысынан дүйнөлүк базарларда күйүүчү майды өндүргөн 10-15 чакты өндүрүүчүлөр бар, анын ичине Орусия да кирет. Адатта бул мамлекеттерде кандайдыр бир мүчүлүштүктөр болсо, дүйнөлүк баалар өсө баштайт. Өндүргөн заводдор бул шартка ылайык кымбат сатып жаткандыктан бизге кымбат баада келүүдө.

Бизнес чоң жабыр тартты деп жатабыз, Кыргызстанда ишкерлерге кандай жеңилдиктер көрсөтүлүүдө?

Албетте жардам көрсөтүлүүдө, бирок канчалык деңгээлде экендиги башка маселе. Азыр өкмөт антикризистик планын түзүп, тиешелүү чараларды көргөнү жатат. Анын ичинде бааларды көзөмөлдөө, жөнгө салуу жана азык-түлүк, күйүүчу майларды козөмөлдөө иштери жүрүүдө.

Сомдун кунун кантип жөнгө салышыбыз мүмкүн экендигин да кароо тапшырмалары аткарылууда. Азыр дүйнөдө так бир божомолдорду айткан бир дагы эксперттер жок. Азыр эмне кыларын Кыргызстан эле билбей жаткан жок, бардык дүйнөдө оорчулуктар жаралууда.

YouTube video