“Альянс” фракциясынын лидери болуп Жанар Акаев шайланды

Жогорку Кеңештеги “Альянс” парламенттик фракциясынын жаңы лидери шаланды.

Бул тууралуу аталган партиядан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, “Альянс” фракциясынын лидери болуп депутат Жанар Акаев шайланды.

Ал эми ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Чыңгиз Айдарбековдун талапкерлиги сунушталды.

Эске салсак, 24-февралда “Альянс” парламенттик фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Сулаймановдун ордуна Эмил Жамгырчиев Жогорку Кеңешке депутат болуп келди. Ага төш белги менен күбөлүктү Борбордук шайлоо комиссиясы 26-февралда тапшырган.