Төлөнбек Абдыров: Россия запастарын көбөйтүп, экономикасын бекемдеп алган. Кыргызстанда азык-түлүккө баа көтөрүлүшү мүмкүн

Евробиримдик, АКШ тарабынан Россияга карата жасалып жаткан санкциялардан улам рублдин наркы түшүп жатканы байкалууда. Мындан улам Кыргызстанда да доллардын сомго карай куну өскөнүн көрүүдөбүз. Өлкөдө оорчулуктар болбойбу? Сом өз наркын кармап тура алабы? Бул тууралуу BULAK.KG маалымат порталына экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров айтып берди.

“Россия акыркы кездерде стратегиялык запастарын көбөйтүү менен экономикасын кыйла бекемдеп алган. Айрыкча Европага саткан газдын баасы эки миң долларга чейин чыгып кеткенин көрүп жаттык. Мунай заттарын кымбат баада сатуу менен капчыктарын толтуруп алышкан.  

Буга чейин биз көргөндөй рублдин наркы төмөн түшүп кеткен, бирок, биржадагы бул секириктерге карабастан, экономикасы күчтүү болгонуна байланыштуу кайра калыбына келтирип жатышат. Бардык эле мамлекеттердин экономикасы бири-бирине байланышы бар. Демек, сөзсүз түрдө Россиядан кийинки валюта секириктери бизге да келип жетти.

Биздин Улуттук банк канча жылдан бери интервенция аркылуу доллардын кунун кармап келе жатат. Алар мындай саясатты жүргүзбөсө доллардын куну бир кыйла өсүп кетмек. Бирок интервенциянын эки тарабы бар, маселен, былтыр бул операцияларга 700 млн доллар каражат сарпталган. Андай суммадагы каражат менен өлкөгө канча деген ишканаларды ачып коюуга мүмкүн эле. Быйыл жылдын башында эле башталган бул кырдаалдардан улам байкасак, бул көрсөткүчтөр былтыркыдан да өсүп кетиши ыктымал.

Биздин өлкө импортко болгон көз карандылыгынан кутулуп, экспортту көбөйтүшүбүз абзел. Тышкы соодабыздын 30% экспорт болсо, 70% импортту түзөт. Ал импорттолгон керектөөлөрдүн ичинен 80% азык-түлүк продукциясы түзөт. Үзгүлтүксүз керектелүүчү бул муктаждыктардын бардыгын долларга сатып алабыз. Эгер доллардын наркы 95 сомго чейин өсүп кетсе, ага жараша кийинки сатып алынган продукциянын баасы да 10-15% көтөрүлүп кетиши мүмкүн.

Азык-түлүктү өзүбүз кенен өндүрүп турсак, долларды өлкөдөн чыгарбай кармоого мүмкүнчүлүк болор эле. Азыр көтөрүлүп кеткен доллардын куну кайра 86-87 сомго чейин түшүшү мүмкүн, бирок, мурунку абалга чеийн барбайт деп ойлойм.

Россияда иштеп жүргөн мигранттар рублдин наркы түшкөнүнө байланыштуу эки-үч ай убакыт ичинде Кыргызстанга мурункудай деңгээлде акча сала албай калат. Алардын айлыктары көбөймөйүнчө белгилүү бир убакыт керектелет. Азыркы шартка байланыштуу алар индексация жүргүзүп калыбына келтиришет”, – дейт Төлөнбек Абдыров.