Расмий Киев украиналыктарды орус жергесинен тез арада чыгып кетүүгө чакырды, -ТИМ

Украина менен Орусиянын ортосундагы чыңалууга байланыштуу расмий Киев украиналыктарды орус жергесинен тез арада чыгып кетүүгө чакырганын Украинанын Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Украин бийлиги Орусия менен дипломатиялык мамилелерди толук үзүп, чек арасын жабышы мүмкүндүгүн билдирүүдө. Бул боюнча мыйзам долбоору Жогорку Радага киргизилген.

Ал эми Орусия Украинанын Киев шаарындагы элчилигинин, Одесса, Львов, Харьков шаарларындагы консулдуктарынын кызматкерлерин алып чыгып кетип жатканын кабарлаган. Орус Тышкы иштер министрлиги элчиликтер менен консулдуктарга 2014-жылдан бери бир нече жолу кол салуу болгонун, дипломаттар коркутууларга кабылып келгенин маалымдаган.

756456061465351 Расмий Киев украиналыктарды орус жергесинен тез арада чыгып кетүүгө чакырды, -ТИМ
на,

21-февралда Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялады, ошол эле күнү Федералдык кеңеш орус аскерлерин Донбасста колдонууга уруксат берген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын аракетин өз өлкөсүнүн суверенитетин бузуу катары баалады. Украин парламенти башка өлкөлөргө кайрылып, жикчилдер ээлеп турган Украинага караштуу аймактарды Орусиянын артынан тааныбоого чакырды. Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик да Москванын кадамын кескин айыптады.