Талант Мамытов Валентина Матвиенко менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Россия Федерациясынын кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз-орус кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланды. Валентина Матвиенко Кыргызстандын жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин делегациясынын биринчи расмий сапары Россия Федерациясынан башталганына кубанычта экенин белгиледи. Ал ошондой эле кыргыз тарапты конституциялык реформанын ийгиликтүү аякташы менен куттуктады.

Миграция тармагындагы кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Төрага Орусиядагы кыргызстандыктардын укуктук абалын жакшыртуу темасына кайрылып, үй-бүлөсүнө кошула албаган КР жарандарынын айрым категорияларын кара тизмеден чыгарууга көмөк көрсөтүүнү суранды.

Валентина Матвиенко кыргыз тараптын миграция жаатында тынчсыздануусу менен бөлүшүп, бул жааттагы көйгөйлөрдү биргелешип чечүүнү улантууну сунуштады.