Кара-Суу районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран камалды

Кара-Суу районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран камалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 13-фералында Кара-Суу РИИБге Кара-Суу районунун жашоочусу 1972-жылы туулган А.А., атуу жаран учтуу нерседен жараат алып каза болгондугун райондук ооруканадан кабарлашкан.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кара-Сууда жайгашкан дүкөндөрдүн биринде маркум менен Кара-Суу районунун тургуну 1988-жылы туулган Н.З., атуу жаран спирт ичимдиктерин ичип, сөз талашып уруша кетишип, натыйжада 34 жаштагы жаран бычак менен сайып жибергени аныкталган.

Аталган окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, Кылмыш жаза кодексинин 122-берененин негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.