Нарын ОИИБи: Жумгалда 5 мыйзамсыз ок атуучу курал алынды

Бул тууралуу Булак.кж редакциясына Нарын ОИИБи билдирди.

2022-жылдын 18-февраль күнү “Арсенал” аталыштагы операциясынын алкагында Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жергиликтүү айыл тургандарына профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Жумгал району тургуну 1947-жылы туулган К.М. аттуу жарандын үйүнөн 2 сайлуу, 3 сайсыз ок атуучу куралдар, ок атуучу куралдын 13 огун мыйзамсыз сактап жүргөн жана 4 капкан табылган.

Бул факт боюнча Жумгал РИИБү тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.