Акылбек Жапаров: Кеткенге да даярмын

15-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйын өткөрүп жатат.

Журналисттин төрагага «канча мөөнөт бул кызматта иштейин деген планыңыз бар?» деген суроо берди.

Буга Акылбек Жапаров: «Багымдат окуган киши катары айтып коёюн, кечеки күнгө бара албайт экенбиз. Эртеңки күн Кудайдын буйругу экен. Мага чейин кимдер келип, кимдер кеткен эмес.

Кеткенге да даярмын, бирок иштегенге да даярмын. Эртең менен 7де келип, 10го чейин иштеп жатам. Президент жана эл өз баасын берет го деп атам», — деп жооп берди.