Акылбек Жапаров: Эдил Байсалов эмоциясын кармаганды үйрөнүшү керек

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүнкү өтүп жаткан маалымат жыйынында Эдил Байсаловдун ишине комментарий берип, ага карата айтылып жаткан сын пикрилер тууралуу оюн билдирди.

“Эдил Байсалов потенциалы күчтүү адис, жетекчилик кызматта азыркы маалда жакшы тажрыйба топтоп жатат. Ага дагы бир аз убакыт берсек деңгээли артат деп айтууга болот. Жумуш жүрүп жаткан жерде дайым сын пикирлер да болот экен. Болгону Байсалов бир аз эмоциясын кармаганды үйрөнүшү керек. Көп жыл бою бейөкмөт уюмдарда иштегени билинип жаткандай”, – деди.