
Ысык-Көл облусунун ЭММКАК (Экстремизмге мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы) кызматкерлери тарабынан баңги зат, курал- ок жарактарды мыйзамсыз сактоо боюнча шектүү кармалды.

Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматы билдирди.
Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө ЭММКАК (Экстремизмге мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы) кызматкерлери кылмышка шектүү Ак-Суу районунун1971-ж.т. Отуз-уулу айылынын тургуну О.М. атту жаранды аныктап, анын жашаган жери боюнча тинтүү жүргүзүшкөн. Анын үйүндө тинтүү жүргүзүү учурунда баңги зат, курал-жарак жана октор табылып алынды.
Натыйжада, милиция кызматкерлери, баӊги затына окшош, идишке салынган өсүмдүктү табышып алышкан. Андан сырткары, үйүнөн 12 чи калибрда мылтык жана 20 даана ок да табылган.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча, алынган өсүмдүк, кургатылган марихуана баӊги затына кирери жана жалпы салмагы таза 8 кг. 200 грамм экендиги аныкталды. Ал эми, алынган курал ички иштер органында катталбагандыгы белгилүү болду. Бул боюнча, соттук-баллистикалык экспертизасы дайындалды.

Аталган факт, учурда Ысык-Көл ОИИБде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Тергөө кызматы тарабынан, шектүү жарандын башка кылмыштарга тиешестиги бар, же жогу текшерилүүдө.