Балыкчыда эки жаранга бычак менен кол салгандар кармалды


ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери ден соолукка оор залал келтирүү фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Ушул жылдын 5-январь күнү Балыкчы шаарында белгисиз адамдар тарабынан 1989-1990-жылы туулган жарандардын ден соолугуна оор залал келтиришкен. Эки жабырлануучу тең бычактан жаракат алышып, ооруканага жеткирилишкен. Бейтаптардын бирөөсүнүн абалы оор болгондуктан, санитардык авиация Бишкек шаарына жеткирген.

WhatsApp Image 2022 02 09 at 10.13.24 Балыкчыда эки жаранга бычак менен кол салгандар кармалды


Иликтөөнүн жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери бул фактыга шектүү катары Балыкчы шаарынын жашоочусу 1965-жылы туулган жаран С.С.ти кармашты. Шектүүнүн жашаган жерине дагы тинтүү жүргүзүлүп, тергөө амалдарынын жүрүшүндө жеңил унаанын ичинен беш патрону менен номуру өчүрүлгөн “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча табылып алынган. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча кармалган жаран С.С. уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат жана «смотрящий» криминалдык макамына ээ.


Азыркы учурда Балыкчы ШИИБи Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) жана 267-берене (Куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

WhatsApp Image 2022 02 09 at 10.13.25 1 Балыкчыда эки жаранга бычак менен кол салгандар кармалды


Андан сырткары, ден соолукка оор залал келтирген дагы эки шектүү жаран кармалды. Буга чейин Ысык-Көл ОИИБи билдиргендей, 2022-жылдын 16-январь күнү Балыкчы шаарынан милиция кызматкерлери Ысык-Көл облусунун тургундарын 30 жаштагы Б.Б. жана 28 жаштагы И.И.ни кармашкан.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча кармалган жарандардын бири уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

WhatsApp Image 2022 02 09 at 10.13.24 1 Балыкчыда эки жаранга бычак менен кол салгандар кармалды


ИИМдин Басма сөз кызматы