
Баткен райондук милиция кызматкерлери Кызыл-Бел айылындагы А.Масалиев орто мектебинде жергиликтүү тургундарды чогултушуп, жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча маалымат беришти.

Бул иш-чара милиция кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, жыйынга келген ата-энелерге кылмыштуулукту алдын алуу, зордук-зомбулукка жол бербөө, түн ичинде жаш өспүрүмдөрдү көзөмөлсүз көчөлөрдө жалгыз жүргүзбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Былтыркы жыл ичинде бул айылда жаш өспүрүм тарабынан жасалган 1 жорук иши катталган.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы