
Кыргызстандыктар август айынын аягында бир нече күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эскертет.
29-30-август ишемби, жекшемби күнгө туш келет, 31-август – иш эмес майрам күнү, 1-сентябрь – Бишкек шаарындагы бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн эс алуу күнү.
Кызматкерлерди иш эмес майрам күндөрүндө ишке тартууга алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу жана уюмдун кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органынын макулдугу менен жол берилет. Мындан тышкары, ишти токтотууга мүмкүн болбогон жумуштарда, анын ичинде үзгүлтүксүз иштеген уюмдарда, калкты тейлөө зарылдыгына байланыштуу жумуштарда, ошондой эле шашылыш оңдоо жана жүктөө-түшүрүү иштеринде өзгөчө тартип колдонулат.
Иш эмес майрам күнүндө иштегендиги үчүн тараптардын макулдашуусу боюнча кызматкерге башка эс алуу күнү берилет, иштеген күн эмгек өргүүсүнө кошулат же эмгек акы кеминде эки эселенген өлчөмдө акчалай компенсацияланат.






