Жаштар арасында кылмыштуулукту болтурбоо максатында спорттук иш-чаралар өткөрүлүүдө

Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту болтурбоо максатында спорттук иш-чаралар өткөрүлүүдө


Кадамжай районунун Бирлик, Уч-Коргон, Масалиев, Орозбеков айыл аймактарында жайгашкан мектептерде мектеп окуучулары арасында спорттук иш-чаралар өткөрүлдү.

WhatsApp Image 2022 02 07 at 14.26.26 1 Жаштар арасында кылмыштуулукту болтурбоо максатында спорттук иш-чаралар өткөрүлүүдө


Бул иш-чараны Кадамжай РИИБнин жетекчилиги демилгелеп, кылмыштуулукту алдын алуу жана болтурбоо, зордук-зомбулукка жол бербөө максатында өткөрүлдү. Ошондой эле аталган аймактагы ата-энелерге жаш өспүрүмдөрдү көзөмөлдөө, тарбиясына көңүл буруу максатында жаңыдан күчүнө кирген мыйзамдар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


Кадамжай районунун аймагында 2021-жыл ичинде 8 өспүрүм тарабынан жасалган кылмыш катталган.

WhatsApp Image 2022 02 07 at 14.26.26 2 Жаштар арасында кылмыштуулукту болтурбоо максатында спорттук иш-чаралар өткөрүлүүдө


Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы