
Талас облусундагы Манас районунун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев райондогу 4 айылда кайрымдуулук иш-чарасын өткөрдү.
Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кайрымдуулук иш-чарасы баш имам-хатибдин демилгеси менен уюштурулуп, демөөрчүлөр тарабынан колдоого алынган. Анын алкагында аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 2000 сомдук азык-түлүктөр таратылып берилди.
«Кымбатчылык мезгилде колу ачык азаматтарыбыз көп болсун. Бул үй-бүлөлөр үчүн жакшы жардам болду. Бардыгы ыраазычылыктарын билдирип, абдан сүйүнүп жатышат. Кайрымдуулук иш-чараларды улантабыз», — деди баш имам-хатиби.