Бишкекте 18 жаштагы кыз 5-кабаттан кулап кетти

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18 жаштагы Б.С. көп кабаттуу үйдүн 5-кабатындагы батиринин балконунан 1 кабатта орнотулган чатырына кулап түшкөн.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, кызды чатырдан түшүрүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Абалы канааттандыраарлык.