Таажы вирусунан төрт жаран каза болду

Бүгүн, коронавирусту 202 адам жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, бир суткада 547 адам илдеттен сакайып, төрт жаран каза болду.

  • Бишкек шаарында – 69,
  • Ош шаарында – 2,
  • Чүй облусунда – 69,
  • Ош облусунда – 7,
  • Талас облусунда – 5,
  • Нарын облусунда – 5,
  • Ысык-Көл облусунда – 22,
  • Жалал-Абад облусунда – 9,
  • Баткен облусунда – 14 адамдан илдет табылган.

Пандемия башталгандан бери 198 миң 518 адам коронавирус жуктуруп, 2 миң 884 адам каза болду.